super.kg logo

Диний экстремизм жана терроризм менен камалгандарды өзүнчө абакта кармоо системи иштелип жатат

 

"Диний экстремизм жана терроризм менен камалгандарды өзүнчө абакта кармоо системи иштелип жатат". Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 16-июлда Бишкекте жүргүзүлгөн террордук операцияда талкаланып, кайра курулган үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып айтты. Маматалиев бул аракет өкмөт тарабынан көптөн бери иштелип келе жатканын белгилеп, бирок №50-колониядан качып кеткен кылмышкерлердин окуясынан кийин бул ишти тездетүү чаралары болуп жатканын кошумчалады. 

Ошондой эле ал №50-колониядан 9 кылмышкер кантип чыгып кеткени боюнча маселе дыкат текшериле турганын белгиледи. "Ал кылмышкерлер эшикти кантип ачып, абактан кантип чыгып кеткени жана үч милицияны өлтүргөнү боюнча маселе дыкат текшерүүгө алынат. Кимдир бирөө алардын качып кетүүсүнө жардам бергени аныкталса, алар сөзсүз жазага тартылышат",- деди Маматалиев. 

Ал эми таптырбай жаткан төрт кылмышкер эл аралык издөөгө алына электигин айтты. "Биз азырынча Кыргыз Республикасынын аймагынан издөөгө алып жатабыз, эл аралык издөөгө бериле элек”,- деди ал. 

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кеткен. Анын бешөөсү колго түшүп, калганы качып таптырбай кеткен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: