№50-абактан качкан кылмышкерлердин колунан каза тапкан кызматкерлердин сөөгү жерге берилди
№50-абактан качкан кылмышкерлердин колунан каза тапкан Жаза аткаруу кызматынын кызматкери Таалайбек Өмүрзаковдун сөөгүн жерге берүү зыйнаты өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына маркумдун жакындары, кесиптештери катышышты. ЖАМКтын төрагасынын биринчи орун басары Орозбек Энтериев Т.Өмүрзаковдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам катары 50 миң сом берди.
Мындан сырткары Балыкчы шаарында Туратбек Садыбакасовдун жана Ак-Талаа районунда Орозбек уулу Фархаттын сөөгү жерге берилди.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-07
12:13
2025-11-07
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Жаткан жерлери жайлуу болсун. Маңдайга жазганы ушул экен да...