super.kg logo

Адис: "Эмчектин залалдуу шишиги эркектерде да пайда болот, өлкөбүздө эмчек рагына чалдыккан эркектер бар"

 

Кыргыз мамлекетинде эмчек рагына чалдыккан адамдардын 5 пайызын эркектер түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда "Биз эмчек рагын жеңебиз!" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында “Эргене” коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова билдирди. Анын айтымында, эмчектин залалдуу шишиги бир гана айымдарга тиешелүү эмес.

Былтыр рак илдетине кабылгандыгы аныкталган адамдардын саны 6 миң болсо, алардын 552си эмчектин залалдуу шишиги менен оорушкан. Ал эми алардын 87си өтө кеч кайрылып, илдети акыркы стадиясына жетип калган. 2013-жылы 613 адам эмчек рагына чалдыкканы аныкталган.

Негизи, адамдар “рак менен ооруйт экен” десе эле “болду, ал өлөт экен” деп ойлошот. Бул андай эмес. Көптөгөн дары-дармектер жана процедуралар айыгып кетүүгө жардам берет. Мен 18 жаштан өткөн адамдарга эмчегин өз алдынча карап текшерүүнү сунуштаар элем. Ал эми 40 жаштан өткөндөн кийин сөзсүз маммограф деген атайын аппараттан текшерүүдөн өтүү зарыл”,- дейт адис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.10.2015. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ эмчегин текшертуу учун кайсы адиске кайрылуу керек экенин жазып коюнуздарчы сураныч!
15.10.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_shaa, саламатсызбы!
Маммологго кайрыласыз.
15.10.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: