Жылнаама, 15-октябрь: Мындан 60 жыл мурун кыргыз балбаны Кожомкул Кааба уулу 67 жаш курагында көз жумган
* Мындан 94 жыл мурун, 1921-жылы Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
Туңгуч ырлар жыйнагы "Биринчи жаңырык" деген аталыш менен 1949-жылы чыккан. 1959-жылы жарык кергөн "Ак Мөөр" поэмасы Эралиевдин чыгармачылыгындагы чоң бурулуш болгон. Андан кийин анын көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн. Котормо өнөрүнө да зор салым кошкон. Анын ырлары дүйнөнүн көп элдеринин тилдерине которулган.
Сүйүнбай Эралиев Токтогул сыйлыгынын, Фадеев, А.Табалдиев, Ч.Айтматов клубунун Эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Ошондой эле Эл достугу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Кожомкул Кааба уулунун туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда туулган деп айтылса, айрымдарында 1889-жыл деп көрсөтүлөт. КРнын саясий документтер архивинде 1889-жылы туулгандыгы белгиленет. Билими 2 класстык болуп, документтерге латынча "Gabajev" деп кол койгон. Бала кезинде байларда койчу болгон. Ал эми 1921-1929-жылдары Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы, 1930-жылы Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңешинин Аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда эмгектенген. 1948-жылы персоналдык пенсияга чыгып, өмүрүнүн аягына чейин “Победа” колхозунда жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген.
Кожомкул Кааба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Айрым маалыматтар боюнча, 47 жашында анын салмагы 164 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см болуп, 52 өлчөмүндөгү өтүк кийген. Колунун баш бармагынын жоондугу 4 сантиметр, алаканынын узундугу 26 сантиметр болгон. 15 жашында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Өмүр бою күрөштө эч кимге алдырган эмес. Казак балбаны Балбан-Шолакты жыккандан кийин анын атагы казак элине да тараган.

Мата Хари – Маргарета Гертруда Зелленин сахнадагы аты. Экзотикалык бийлерди чебер аткарган жана Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда атактуу тыңчы болгон Маргарета Гертруда Зелле 1876-жылы Леуварден (Нидерланды) шаарында төрөлгөн. Ал 1905-жылдан баштап чыгыш стилиндеги бийлерди бийлөө менен атагы чыккан.

15-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Nurluujan16

14.10.2015. 22:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кожомкул атабызга даңк!!!!!!!
Ayperi94

15.10.2015. 01:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мата Хари айымдын сулуулугуна суктандым. Эх чиркин кандай гана баатырлар (Кожомкул атавыз) кандай гана чуроктой болгон сулуулар откон.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.