super.kg logo
  Спорт  

Республикалык Спартакиадада волейбол мелдешинде Бишкектин курамасы 1-орунду ээледи

 

Бишкек шаарынын волейбол курамасы Жалал-Абадда өтүп жаткан 7-Республикалык Спартакиадада 1-орунду ээледи. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясы кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер жана уландар арасында чечүүчү оюндар 14-октябрда өттү. Жыйынтыгында уландар арасында Бишкек шаарынын курамасы 1-орунду, Ош шаарынын командасы 2-орунду ээледи. Ал эми Баткен курамасы Нарынды утуп, 3-орунду багындырды. 

Кыз-келиндер арасындагы мелдештин финалында Бишкек шаарынын курамасы Ош облусунун курамасын кабыл алып, 3:0 эсебинде утту. Ал эми 3-орун үчүн беттеште нарындыктар Жалал-Абад облусунун командасына утулушту. 

14-октябрда катталган жыйынтыктар: 

Уландар. Финал

Бишкек - Ош — 3:0

3-орун үчүн оюн 

Нарын облусу - Баткен облусу — 0:3

Кыз-келиндер. Финал

Бишкек шаары - Ош облусу — 3:0

3-орун үчүн оюн 

Жалал-Абад облусу - Нарын облусу — 3:0

Кошумчалай кетсек, Спартакиаданын алкагында футбол, волейбол, баскетбол, стол тенниси, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, самбо, дзюдо, шахмат, жеңил атлетика жана бокс сыяктуу 13 спорт түрүнөн медалдар ойнотулууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: