super.kg logo
  Саясат  

Президент Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына Куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшү, ошондой эле өлкөнүн укук коргоо системин реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Президент Куралдуу күчтөрдү реформалоо жана укук коргоо системин реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу маселелерин Коргоо кеңешинин кийинки жыйынында талкуулоо зарыл экендигин айтты. Мамлекет башчысы Куралдуу күчтөрдү мындан ары бекемдөө жана өлкөдө иштиктүү укук коргоо системин түзүү боюнча иштердин маанисин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: