Түштүк Кореянын кыргыз жериндеги элчилиги тарабынан Улуттук китепканага китептер берилди
Түштүк Кореянын кыргыз жериндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жонг Бёнг-Х бүгүн, 15-октябрда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада болду. Ал китепкананын директору Ж.Бакашева менен эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшкөнүн аталган китепканадан билдиришти.
Элчи Улуттук китепканадагы Корей борборунун абалы жөнүндө маалымат алып, китепкана кызматкерлеринин Түштүк Кореяда тажрыйба алмашуусуна көмөктөшөрүн кошумчалады. Ошондой эле Бишкек шаарындагы Корей билим берүү борборунун директору Ли Ёнг Хун менен биргеликте китепканага кыргыз жана корей эл жомокторун камтыган 200 китепти берди. Алардын бир бөлүгү өлкө аймагындагы айылдык китепканаларга таратылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.