super.kg logo

Өлкөдө миңге жакын мектепте таза суу чыгарылган эмес

 
Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева

Өлкөдө миңге жакын мектепте таза суу чыгарылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнүнө арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, 1150 мектептин ичинде суу чыгарылган. Ал эми калгандарында көчөдөн суу ташып келип колдорун жуушат.

Эгерде окуучу таза суу менен тиешелүү деңгээлде камсыз болбосо, аны гигиенаны сактоо боюнча көнүмдөргө үйрөтүү да жеңил эмес экен. Мындан улам биз донорлорду таап, алардын жардамы менен мектептердин ичине суу чыгарып, кол жуугучтарды орнотуп жатабыз”,- деди орун басар.

Айта кетсек, бүгүн Билим берүү министрлигинин жана ЮНИСЕФ Эл аралык уюмунун өкүлдөрү Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнүнө карата Чүй облусунун Сокулук районундагы Жал айылында жайгашкан
Р.Мамыралиев атындагы орто мектепке барып келишти. Коноктор окуучуларга ачык сабак өтүп, жаңы орнотулган кол жуугучтарды балдар кандай колдонуп жатканын көрүп кетишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
15.10.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсиме тээ бала чагым эске тушту; Мектепте таза суу куюлган 20л бак турчу жанында кружкасы менен. . Ээх,Коммунизде откон окуучулук откон кундор. Оору-сыркоо ал кундору бизди айланыыып отчу тура.
15.10.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага айтсын эле мектептерден буровой аппарат менен казып таштайын сууга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: