Бишкекте 11 миң үй-бүлө текшерилип, 34 үйдө балдарга зомбулук көрсөтүлгөнү аныкталды





Бишкекте 11 миң
үй-бүлө текшерүүгө алынып, 34 үйдө балдарга карата зомбулук көрсөтүлгөндүгү
аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, борбордо жашоонун оор кырдаалына туш келген балдарга арналган
тегерек стол өттү. Анын жүрүшүндө катышуучулар бул жаатта аткарылган жумуштарды
белгилешти. Вице-мэр Айгүл Рыскулованын айтымында, балдарга карата
жасалган зомбулук фактылары боюнча учурда ыкчам чара көрүү кызматтары иштөөдө. Мындан тышкары Балдарга жардам берүү борборлору менен жергиликтүү администрацияларда
ишеним телефондору бар. Иш-чаранын жыйынтыгы менен 2015-2016-жылдарга карата
Бишкек мэриясынын балдарды коргоо боюнча планына тиешелүү сунуштар иштелип чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Medina87

15.10.2015. 16:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1000 ден 34 десе ишенимдуу болор беле? Себеби:Кун сайын эле зомбулук.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.