Кыргыз жеринде быйыл кургак учук менен күрөшүүгө 628 миллион сом бөлүндү
Кыргыз мамлекетинде 2015-жылы кургак учук менен күрөшүүгө республикалык бюджеттен 628 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Марат Калиев билдирди.
“Кыргыз мамлекетинде жылдан-жылга кургак учук менен ооругандардын саны арбып баратат. 2015-жылдын экинчи жарымында кургак учук менен ооруган жаш балдардын саны өстү. 628 миллион сом бул өтө чоң сумма, андыктан аны туура жана так пайдалануу зарыл”,- дейт Калиев.
Фонд жетекчиси 2016-жылы кургак учук менен күрөшүүгө бюджеттен 745 миллион сом каралганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















