Коркмазов окуясы: Канат Турганбеков Түлеевдин кызы менен 2-3 мүнөт гана сүйлөшкөнүн айтты



Бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Анын жүрүшүндө Жогорку Соттун башчысынын мурунку орун басары Канат Турганбеков көрсөтмө берди. "2015-жылдын май айынын башында мен Жогорку Соттун башчысынын орун басары кызматында иштеп жатканымда мага Данияр Нарымбаев телефон чалып, Назгүл Түлееваны кабыл алууну суранган. Кийинки күнү эртең менен Түлеева телефон чалган. Андан кийин биз жолукканбыз. Түлеева туугандарынын мүлкүн камактан чыгаруу маселесин чечип берүүнү суранган. "Эгер мүлктү камактан чыгарсак, эл эмне деп ойлойт?" деп жооп бергем. Жолугушуубуз 2-3 мүнөткө созулган. Андан соң ал чыгып кеткен",- деди Турганбеков.
"Андан кийин Түлееваны Нарымбаев чакырган. Алардын жолугушуусунда Чыныбай Турсунбеков болгон экен. Нарымбаев мүлктү камактан чыгарууну тездетүү керектигин мага айткан. Мен бул маселени чечпейм деп жооп бергем",- деп кошумчалады Турганбеков.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.


