super.kg logo

Жылнаама, 16-октябрь: Мындан 28 жыл мурун "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкей төрөлгөн

 
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкей Алымбекова Токмок шаарында туулуп, ошол эле жактагы №9-мектепти аяктаган. Ыр дүйнөсүнө 2005-жылы "Поющий город" сынагына катышкандан кийин аралашып, 2006-жылдан баштап "Каныкей" продюсердик долбоорун түзүп иштей баштаган. Ырчынын репертуарындагы популярдуу ырлары: "Носонтэ", "Жүрөк сыздайт", "Коё бергин мени, кайгы", "Сарала", "Кара чаң", "Адаштым", "Көпөлөк", "Садагам", "Куурчак" ж.б.
 
* Мындан 161 жыл мурун, 1854-жылы түпкү теги ирландиялык болгон англиялык жазуучу, акын, философ Оскар Уайльд Дублинде төрөлүп, куугунтукта жүрүп менингит оорусуна кабылып, 1900-жылы 30-ноябрда Парижде 46 жашында көз жумган. Оскар Уайльд 1881-жылы алгачкы "Стихотворения" жыйнагын жазган. Анын белгилүү жомоктору: "Юный король", "День рождения Инфанты", "Рыбак и его душа", "Мальчик-звезда" ж.б.
* Мындан 79 жыл мурун, 1936-жылы советтик киши өлтүргүч Андрей Чикатило Украинанын Яблочное кыштагында туулган. Анын 1978-жылдан 1990-жылга чейин 53 адам өлтүргөнү далилденген. Андрей Чикатило "Кутурган жырткыч", "Ростов ич жаргычы", "Кызыл ич жаргыч", "Токой тилкесинен чыккан өлтүргүч", "X жараны", "Шайтан", "Советтик Жек-ич жаргыч" деген аттарга конгон. 
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы швециялык ырчы Лорин Швециянын Стокгольм шаарында төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү – Лорин Зинеб Нока Тальхауи. Ал 2012-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн “Евровидение" сынагына катышкан. 42 мамлекет катышкан сынакта мыкты аткаруусу, өзгөчө бийи менен 372 добуш чогултуп, Лорин өзүнүн “Эйфория” аттуу ыры менен биринчи орунду жеңип, мекенине хрусталь микрофонду жана келерки жылы бул сынакты өткөрүү укугун алып кеткен.
16-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.10.2015. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунун менен,Каныкей!!!Омурун узун,келечегин кен,кудай кошкон жарын менен бактылуу бол!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: