super.kg logo

Жаза аткаруу кызматы: "Түрмөдөн качкан кылмышкерлер боюнча түшкөн ар бир маалымат текшерилүүдө, алар азырынча кармала элек"

 
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.
№50-түзөтүү колониясынан качкан 4 кылмышкер боюнча жарандардан келген ар бир маалымат текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азырынча кылмышкерлер кармала элек. "Өлкөнүн бардык күч түзүмдөрү биргеликте издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат",- дешти кызматтан.
Айта кетсек, изделип жаткан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн УКМК 300 миң сом сыйлык жарыялады. 

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.

Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, ЖАМК жана ИИМге төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылыңыз, анонимдүүлүк сакталат:

ЖАМКтын нөөмөт бөлүмү – (0312 66-04-75)

 

ЖАМКтын ишеним телефону – (0312) 62-65-04

ИИМдин нөөмөт бөлүмү - 66-23-31 же 102.

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: