super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин мүчөлөрүнө президенттик саат тапшырды

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин мүчөлөрүнө президенттик саат тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 16-октябрда билдирди.

Президенттик сааттар жогоруда аталган кеңештин интеграция жана макроэкономика багыты боюнча мүчөсү Татьяна Валова, техникалык көзөмөл боюнча мүчөсү Валерий Корешков, соода-сатык боюнча мүчөсү Андрей Слепнев жана экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү Тимур Сулейменовго тапшырылды.

Мындан сырткары өлкө башчынын жарлыгы менен Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин бажы тармагындагы мүчөсү Владимир Гошин, Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес департаментинин директору Виталий Гудин, Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Владимир Скиба, Каржы саясаты департаментинин директору Бемба Хулхачиевге президенттик саат берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: