super.kg logo

ИИМ Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу интернетке жарыяланган сүрөттөр боюнча жооп кайтарды

 
Гүлжигит Абилазизов

Кечээ, 15-октябрь күнү Руслан Каралаев деген интернет колдонуучу социалдык түйүндөрдөгү өзүнүн баракчасына Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө күбө болгон Гүлжигит Абилазизов менен ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Мирлан Каниметов жана Таалайбек Мамбетакуновго окшош адамдардын сүрөтүн жарыялаган. Ал сүрөттөр Москва шаарындагы "Домодедово" аэропортундагы видеобайкоо камераларынан кыркылып алынган.

Ички иштер министрлиги интернетке жарыяланган бул сүрөттөр боюнча жооп кайтарды. Мекеменин маалымат кызматынын билдиришинче, ИИМди каралоо максатында кимдир бирөөлөр акыркы убактарда А.Анапияевдин өлүмүнө кайрадан кайрылып, такталбаган маалыматтарды таратууга абдан аракеттенип жатышат. 

"Ички иштер органдары аталган фактыны тергөөдө Беларусь мамлекетинин укук коргоо органдарына жардам көрсөтүүгө даяр. Алардын укук коргоо органдарынын Кыргыз Республикасына келип, тергөө иштерин жүргүзүүсүнө да даяр экендигибизди убагында билдиргенбиз. 

Учурда социалдык түйүндөргө бул жагдайды кайрадан алып чыгып, А.Анапияевди даңазалоого багыт алгандар пайда болду. Биз алардын ким экенин билебиз. Өз атын жашырып чүмбөттөнгөн ал адамдардын ким экендигин, мурда-кийин кайда иштегендиги, мамлекеттик кызматтарда да иштегендиги белгилүү. Жөн гана сырттан жалган тон бычып, иштин чыныгы жагдайын билип турса да билбөөгө аракет жасаган, атайын чагымчылдыкты көздөгөн мамлекетибиздин жараны экендиги белгилүү",- деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле ИИМ сүрөттөгү адамдардын ким экендигин таануу мүмкүн эмес экендигин кошумчалады. 

"Интернетке жарыяланган сүрөт тууралуу да өз убагында комментарий берип, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери ал күндөрү Москвада башка максат менен болгондугун айтканбыз. Министр бул күндөрү иш сапар менен жүргөндүктөн, аталган кызматкерлер министрдин орун басарынын макулдугу менен Москвага барып келишкен. Алардын бир учакта отуруп калышы биздин кызматкерлер Гүлжигит Абилазизовду коштоп келди дегендикке жатпайт. Ал эми бүгүн интернет баракчаларына чыгып жаткан сүрөттөрдөн конкреттүү түрдө кимдин ким экендигин таануу мүмкүн эмес. Ошол себептүү биз дагы бир жолу кайталайбыз, аталган кылмыш ишин Беларустун укук коргоо органдары тергеп жатат, биз алардын тергөө-иликтөө амалдарына кийлигише албайбыз.

Ал эми Г.Абилазизов 25-февралда өзүнүн адвокаты менен ИИМге келип Минск шаарында болгон окуяны болгонун болгондой кылып айтып берген. Ага чейин анын ким экендигин кызматкерлер билишкен да эмес",- деп айтылат билдирүүдө. 

Эске салсак, 18-февралда Беларусь ММКлары Минск шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдын мууздалып өлтүрүлгөн жансыз денеси Мерседес унаасынын багажнигинен табылганын жазышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон. 

Окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн Гүлжигит Абилазизов милиция кызматкерлерине 25-февралда көрсөтмө берип, Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары бир канча сүрөттүн ичинен экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин чечен улутундагы жан сакчысы Рустам Сайдуевдин сүрөтүн көрсөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
16.10.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Актангыла дагы.
16.10.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бири ары тартса бири бери тартып турган кербез айта турган созум да жок балким бул элди жанагы 4 таксырдын шоусун чуу кылбай буга дагы конул буруп турсун деп чыгарып жаткан кадрлар болушу мумкун
16.10.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул конкреттуу жооп эмес.
16.10.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Так жооп болбой калыптыр, ошончо ИИМ кызматкерлери бир кундо бир самолетто ошол бала менен чогуу учуп келуусу кокусунан дал келиши кыйын го
16.10.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Беларус тергөөчүлөрү тергеп жатат деп жаман качыптыр го. Кыңыр иш кырк жылда билинет деген сөз бар. Кантип эле тааныбай калат эгер чындап эле далилдегилери келсе аэропорттогу видео көзөмөлдүн архивин алып мына биз эмес элек деп жарыяласын.Же абийрибиз ачылат деп сурашпай жатабы деген суроо туулат
16.10.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
канаааа анда Гулжигит, айтпайсынарбы ИИМ. ушуга жооп жок го
16.10.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билсен айтпайсынарбы?
16.10.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чуку чуку мамбет чукуласа кантет болуп атышкан го
16.10.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан каларлык! Гүлжигит, Эчкандай кылмышка шектеле электе эле адвокат жалдап алып барганбы? 25-февральда эле көрсөтмө берген дейт
16.10.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо булар Гулжигит дегенди жашырып журобу , же кандай ?
16.10.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жумушка орношкону милицияга бардым эле,тууган уругун соттолгон эмеспи,аялындын тууган уругу соттолгон эмеспи текшерип коруп жумушка алабыз дешти.А биздин чондор баары камалган соттолгон.
17.10.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгер ошолор экение мойнуна койуп берсен деле эч нерсе кылышпайт, коп болсо иштен алат, 5 жылдан кийин депутат болуп келип калат кайрадан)
17.10.2015. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рысалиев деле журотко тизмеде депутат болуп
17.10.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсе ошол мезгилде эле айтылып жаткан эле, мына далилдери мн корунуп турат
17.10.2015. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сурот жарыялаган Ким экенин билишсе кармашпайбы ким экенин билебиз деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: