super.kg logo
  Саясат  

"Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасы "Башкы" көмөк чордонун жаңылоону аяктады (фоторепортаж)

 
"Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасы "Башкы" көмөк чордонун жаңылоону аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда "Кыргыз улуттук электр тармагы" ишканасы өткөргөн пресс-турда белгилүү болду. 
Маалым болгондой, көмөк чордонунда бардык аба өчүргүчтөрү алмаштырылып, жабдуу жаңыртылды. Иш-чара керектөөчүлөрдүн электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында, "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.
Аба өчүргүчтөрүн толугу менен алмаштырууда көмөк чордонун ачык бөлүштүргүч түзмөктөрүндө басым түзүүчү орнотмолорунун жүктөлүшү жеңилдетилди. Ошондой эле энергетикалык объектти тейлөөдө да чыгымдар азайды. Мындан тышкары "Башкы" көмөк чордонунда жабдуунун 11 даанасы 68,9 миң сом жалпы суммада капиталдык оңдоодон, ошондой эле 71 даанасы 383 миң сом суммада күндөлүк оңдоодон өткөрүлдү.
Айта кетсек, "Башкы" 220/110/10 киловатт көмөк чордону системдер аралык негизги көмөк чордону болуп эсептелет. Ленин айылында жайгашкан бул көмөк чордонунун жалпы аянты 9 гектарга барабар. Электр энергиясы менен Чүй жана Бишкек шаарынын түндүк бөлүгү камсыздалат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: