super.kg logo
  Саясат  

“Элдин дарыны көзөмөлсүз колдонушу, бир эле дарынын түрдүү баада сатылышы чоң көйгөйгө айланды” деди өкмөт башчы

 

Кыргыз мамлекетинде элди жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоо системи зарылдыгын премьер-министр Темир Сариев 15-октябрда өкмөт жыйынында билдирди. Өкмөттүк аппараттын билдиришинче, жыйында 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын дары-дармек жана медициналык каражаттардын улуттук маалыматтык базасын түзүү жолдору талкууланды.

Сариев дары-дармекти жөнгө салуучу 3 программа иштелип чыкканына карабай тармакты иретке келтирүү зарыл экенин белгиледи. "Бир катар иш-чараларга карабастан, өлкөдөгү эффективдүү, таза жана жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоо маселеси толугу менен чечилген жок. Дарыгерлер тарабынан дары-дармектерди зарылчылыгы жок дайындоо, калк тарабынан өз алдынча дары-дармектердин өтө көп жана көзөмөлсүз керектелүүсү, эң негизгиси, бир эле дарынын ар башка баа менен сатылышы бүгүн чоң маселеге айланды”,- деди өкмөт башчы.

Жыйын соңунда сунушталган концепция кабыл алынып, бир айлык мөөнөттө аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: