Милиция: "Түрмөдөн качкан экстремисттердин үчөөсүн кармоо операциясы Бишкектин четинде уланууда"
Бүгүн, 16-октябрда Бишкектеги Дордой конушунда №50-түзөтүү колониясынан качкан экстремисттердин бири өлтүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:00 чамасында милицияга аталган аймакта түрмөдөн качкандардын жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. "Ал жерге атайын багыттагы жоокерлер, милиция кызматкерлери барышып, кармоо операциясын башташкан. Анын жүрүшүндө кылмышкерлердин бири ок атуудан өлтүрүлгөн. Учурда Бишкектин четинде калган үчөөнү издөө иштери уланууда",- дешти басма сөз кызматынан.
Дордой конушунда түрмөдөн качкандар изделүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
2

Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүңүз: http://www.super.kg/kabar/news/126727/