super.kg logo
  Саясат  

Мандат бөлүшүү чыры: "Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!" деп ант бергендер анттан тайышканы айтылууда

 
"Жараткан Кудайым урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!" деп ант беришкендер эми антына турбай жатышат, бул - бет тырмоочулук". Мындай пикирди "Республика - Ата Журт" партиясынын өкүлү Мирлан Жээнчороев бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG`ге билдирди. Жээнчороев партия талапкерлерди тизмеге киргизип жатканда округдан жетиштүү добуш ала албаса, тизмеден өз эрки менен арыз жазып кетүүгө ар бир талапкерди милдеттендиргенин айтат. 
"Бир мандатка жетиштүү добуш ала албай калышканы үчүн тизмеден чыгарылып жатышат, алардын ордуна эч ким кол койгон эмес, өздөрү коюшкан. Берген антына турушу керек да. Мисалы, мен өз аймагымдан жетиштүү добуш алып, тизмеден чыгарылган жокмун",- дейт Жээнчороев. 
Эскерте кетсек, "Республика - Ата Журт" партиясы жакында 70 талапкерин тизмеден чыгарган. Алардын 15ке жакыны бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгышты. Алардын айтымында, партия 15 талапкерди өзүнүн макулдугусуз эле тизмеден чыгарып салды. Алар арызга коюлган колдор өздөрүнүкү эмес экенин айтышууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: