super.kg logo

Балдар адабияты жаатындагы мыкты акын-жазуучулар сыйланышты

 

Бүгүн, 16-октябрда акын-жазуучуларга балдар адабияты жаатындагы сыйлыктар тапшырылды. Өкмөттүн атынан быйыл балдар үчүн эң мыкты поэзиялык чыгармасы үчүн акын Байтемир Асаналиев, балдар үчүн эң мыкты прозалык чыгарма жаатында жазуучу Жапарали Осмонкулов, ал эми дүйнөлүк балдар адабиятын кыргыз тилине эң мыкты которуу жаатында жазуучу жана котормочу Турусбек Мадылбай сыйланышты. Сыйлыкты премьер-министр Темир Сариев тапшырганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев сыйлык ээлерин куттуктап, жеткинчектерге татыктуу тарбия берүүдө адабияттын мааниси абдан чоң экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы 2008-жылы уюштурулган. Ал кыргыз тилин кеңири жайылтууну жогорулатуу, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүүгө шарттарды түзүү, ошондой эле балдар адабиятын кыргыз тилине которууга түрткү берүү максатын көздөйт. 2009-жылдан бери сыйлык үч номинацияда тапшырылып, жеңүүчүлөргө атайын төш белги жана 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.10.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жоролго экен. Окмотубуз ушинтип акын, жазуучуларды колдоп турса, акындарыбыз осо берет, аны менен бирге кыргыз тилинин да онугушуу оркундойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: