Жылнаама, 17-октябрь: Мындан 43 жыл мурун түрк ырчысы Таркан туулган

1943-жылы Чайковскийдин "Евгений Онегин" операсында Татьянанын ролун жогорку чеберчилик менен аткарып, дасыккан аткаруучу катары таанылган. Операларда негизги партияларды аткарып, профессионалдык жогорку чекке жеткен. Ал музыкалык комедияларда да чебер ойногон ырчы-аткаруучу катары белгилүү болгон. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жеке ырдоо кафедрасынын башчысы жана профессору болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Сайра Кийизбаева 1988-жылы 71 жаш курагында бул дүйнөдөн өткөн.


2006-жылы Иван Киевдеги И.К.Карпенко-Карый атындагы Улуттук театр, кино жана телевидение университетинин кинематография факультетине тапшырат. Студент кезинде алып баруучулук жагынан өзүн сынамакка М1 телеканалына келип, көп ийгиликке жетишет. Дал ушул жайдан кесиптеши Анна Добрыдневаны жолуктуруп, экөө "Пара нормальных" дуэтин түзүшөт. 2008-жылы 4-октябрда аталган дуэт "Бактылуу аякташын ойлоп табам" ("Я придумаю happy end") ырлар жыйнагын жарыкка чыгарат. 2010-жылы Иван Дорн аталган топтон чыгып кеткен. Иван топтон кеткен себебин келишимдин бүткөндүгү жана жеке өзү мындан да чоң ийгиликтерди жаратып, бийиктиктерди багынта тургандыгы менен түшүндүргөн. Иван Дорн жеке ырчы катары "Стыцамэн", "Бигуди", "Түндүк жаркырагы" ("Северное сияние"), "Көк, сары, кызыл менен" ("Синими, жёлтыми, красными") ырлары менен белгилүү болгон.
17-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.