super.kg logo
  Спорт  

"Абдыш-Атанын" машыктыруучусу: "Чемпион ким болот, айырмасы жок, биз "Алай" менен оюнга өзгөчө маанайда чыгабыз"

 
Сезон жыйынтыктоочу маалга жакындап калганда ТОП-Лигада чемпиондук күрөш Оштун "Алай" клубу менен бишкектик "Дордойдун" ортосунда болуп жатат. 18-октябрда 3 оюн болот.  


Оюндардын тизмеси:

“Ала-Тоо” (Нарын) – “Алга” (Бишкек)

“Кейжи Юнайтед” (Бишкек) – Дордой” (Бишкек)  

Абдыш-Ата” (Кант)  - Алай (Ош)

Мелдеш жадыбалы: 

"Алай" менен "Дордойдун" чемпиондук үчүн жарышы уланып жаткан маалда "Абдыш-Ата" да апта ичинде маанилүү оюндарга катышат. Тактап айтсак, алар бул жолу "Алайды" утуп, бул клубдун чемпиондук жүрүшүн бир топ татаалдаштырып салышы толук ыктымал. Ошондой эле канттыктар 3-орун үчүн жарышты улантышууда. Буга катар алар 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Кубогунун финалында "Наше пиво" клубу менен ойношот. 
"Абдыш-Ата" 1 апта ичиндеги 2 маанилүү оюнунда футболчуларын кандай колдонот? Бул эки оюндун кайсынысы клуб үчүн маанилүү? Бул суроолор менен SUPER.KG порталы "Абдыш-Атанын" башкы машыктыруучусу Мирлан Эшеновго кайрылып, тиешелүү жооп алды.  

- Мирлан мырза, ТОП-Лигада 3-орун үчүн күрөшүп жатасыздар. Буга катар Кубоктун финалында ойнойсуздар. Кайсы оюнга көбүрөөк маани бересиздер? 

-  Биздин клубдун максаты - жаш футболчуларды эл аралык деңгээлге көтөрүү. Ооба, ТОП-Лиганын быйылкы сезонунда биз чемпиондук жарыштан чыгып калдык. Ошентсе да 3-орун үчүн күрөш уланууда. Ал эми өлкө кубогунда Канттык клубдар өз ара ойношот. Кандай болгон күндө да биз ар бир оюнду финал катары кабыл алып, болгон күчүбүздү көрсөткөнгө аракет кылабыз. Эки оюн тең биз үчүн маанилүү.  

- Оюнчулардын даярдыктары тууралуу айтып берсеңиз... 

- 3 футболчубуз улуттук курамда болуп, 2 оюн өткөрүшкөндөн кийин клубга кайтып келишти. Жалал-Абадда өткөн Республикалык Спартакиадага да футболчуларыбыз жөнөтүлгөн. Алар дагы келишти. Команда толук курамда 16-октябрда машыгуусун өткөрдү. Биз бул эки оюнга тең даярбыз. 

- "Абдыш-Ата" өткөн аптада конокто "Дордойду" утту. Бул жолу "Алай" менен ойнойт. Мындай караганда "Абдыш-Ата" чемпиондук күрөшкө катышпаса да өз таасирин тийгизип жатат... 

- "Дордойдун" курамында тажрыйбалуу оюнчулар көп. Футболчулар "дордойчуларга" каршы оюнга өзгөчө маанайда чыгышат. "Дордойду" конокто көп убакыттан бери ута элек болчубуз. Бул жолу жеңишке жетиштик. Эми "Алай" менен өз үйүбүздө ойнойбуз. Бул клубдардын чемпиондук жарышына таасир эткибиз келет, албетте. "Дордойдун" же "Алайдын" кайсынысы чемпион болгонунун биз үчүн айырмасы жок. "Алайга" каршы оюнга да финалдык оюнга чыккандай маанайда чыгып, өз оюнубузду ойнойбуз. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.10.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алай женсе экен
18.10.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алай женгилее
18.10.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алааай
19.10.2015. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алай гулчо жошолу алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: