super.kg logo

Баткен облусунун чек ара тилкелеринде 9 айдын ичинде 21 чыр-чатак орун алып, бир топ оор кылмыштардын бети ачылды

 
Баткен облусунун чек ара тилкелеринде 2015-жылдын 9 айында 21 чыр-чатак орун алган. Ал чатактардын 11и Тажикстан Республикасы менен болгон чек ара тилкелеринде катталса, 10у кыргыз-өзбек чек арасында болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин 9 айды жыйынтыктаган ыкчам кеңешмесинде айтылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан 17-октябрда билдиришти. 
Чыр-чатактар учурунда коомдук-саясий абалды турукташтыруу, эки элдин тынчтыгын сактоо максатында Тажикстан Республикасынын Согди ОИИБинин жетекчилери менен Баткен ОИИБинин жетекчилиги жумушчу жолугушууларды өткөрүшкөн. Натыйжада бир топ оор кылмыштардын бети ачылып, кыргыз жарандарына карата келтирилген материалдык чыгымдар төлөнүп берилди. Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен 5 жолу, Өзбекстан Республикасынын Фергана ОИИБинин жетекчилиги менен 2 жолу жолугушуу өткөрүлгөн. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: