super.kg logo

Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында Алыкул Осмоновдун айкели тургузулду

 
Бүгүн, 17-октябрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата тургузулган айкелдин ачылышы болду. Аземге өкмөт башчы Темир Сариев катышканын өкмөттөн кабарлашты. Сариев Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси менен президент жана өкмөттүн атынан жалпы кыргыз элин куттуктап, акындын кичи мекенинде айкелинин ачылышы маанилүү окуя экенин белгиледи.

“35 жыл гана жашаса да миң кылымдык өнөрдү мурас кылып калтырган кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына бүгүн биз таазим этип, анын рух дүйнөсүнө дагы бир жолу адамдык урматыбызды, сыйыбызды билдиргени турабыз. Алыкул Осмонов – чыныгы акындык өнөрдүн символу, кыргыз поэзиясынын туу чокусу. Алыкулдун Ата Журтубузду даңктаган ырлары - эң оболу туулган жерге болгон инсандык, мекенчилдик сүйүүнүн эталону”,- деди Темир Сариев өз сөзүндө.

Премьер-министр Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын алкагында бир катар иштер аткарылганын билдирди.

“Мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасы менен эле чектелбестен, жакында Түркияда акындын тандалган ырларынын жыйнагы түрк тилинде жарык көрдү. Эскерүү кечелери боордош өлкөнүн бир нече шаарында өттү. Ал эми 29-октябрда Бишкекте Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет. Бул аткарылып жаткан иштер акындын баа жеткис поэзиясынын алдында эч нерсеге татыбайт, анткени Алыкул өзүнүн ыры менен бүтүндөй бир доорду жаратты”,- деп кошумчалады Сариев.

Ошондой эле Сариев Алыкул Осмоновдун фондун түзүп, анын чыгармачылыгын изилдеп, китептерин бастырып, музейин ачууга аракет кылган топко президенттин жана өкмөттүн атынан акчалай каражатты тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(6)
17.10.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талантына таазим!Кыргыз элинин адабиятына очпос,тугонбос ыр калтытырган чыгаан инсан!
17.10.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алыкул акын жарык дуйнодо аз жашаса да ырлары,поэзиялары эл арасында туболук жашаган акын!
17.10.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсыл киргиздер минус басып жатышат
17.10.2015. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ары бери откон сайын качан айкелинин бетти ачылат деп кутуп жатым эле мына бугун ачылыптыр эн соонун
17.10.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык..
17.10.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кок мелжиген Аска-Зоолор талаалар,ортосунда Ысык-Колум чайпалып бир турат эй.Жээкте туруп Ысык-Колду коргум келет кайра мен.Кандай сонун ,кандай рахат суктанамын кооздука.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: