super.kg logo

Шашылыш билдирүү! 19-октябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

 

19-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектерине жана  тоолорго кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тоңголок жана тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

"Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында +6…+11 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +13…+18 градус, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +4…+9 градус жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…+5 градус болушу күтүлөт",- деп жазылат маалыматта.

Аталган мекеме мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатарын баса белгиледи.

"19-20-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде -1…-3 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүк жылуулукту сүйүүчү жыйналбаган жемиш бактарына, жашылчаларга жана казып алынып, жабылбаган картошкага коркунуч алып келет",- деп кошумчалады ӨКМ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
19.10.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kar jaasa jakshy bolmok
19.10.2015. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каар жаайт окшойт
19.10.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ишинер жокда бекерсинер огород жок. жааса жакшы деп. Эртего карга.
19.10.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эч ким эгиндерин жыйнап ала элек толугу мн,а силер уйдо жатып алып кар жаасын дейсинер,кар жааса азыр тушум аз бт,анан кышында баары кымбаттайт,ошондо коросунор
19.10.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эй кудай ноярбрьга чейин жабай туратур
19.10.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноябрь
19.10.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кар точно жаайт же жаабайт
19.10.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
От жакмай башталат тура эми
19.10.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кар жаны жылда эле жааса экен
19.10.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлекте кар жаады эле
19.10.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кардын жоктугун эске албаганда, эшикте кыштын эле суугу болуп жатат.
19.10.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-декабрда жаасын кар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: