Бишкекте СПИД менен ооруган 98 адам каттоодон өткөн
2013-жылдын 1-мартына карата Бишкекте ВИЧ илдети менен катталган жарандардын саны 656ны түздү. Алардын 469у эркек, 187си аял. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, аталган илдет менен катталган айымдар үчүн Бишкектеги СПИД менен күрөшүү борбору майрамдык иш-чара уюштурду. Аталган борбордун жетекчиси Искендер Шаяхметов аялдарга куттуктоо айтып, ошондой эле борбор калаада ВИЧтин жайылуусу актуалдуу көйгөй бойдон калып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, шаарда СПИД менен ооруган 98 адам бар, алардын ичинен 74ү эркек, 24ү аял.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

