Бишкекте 600 доллар пара алып жаткан жеринен салык кызматкери кармалды
Коррупциялык аракеттерге бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө борбор калаадагы Свердлов району боюнча Салык башкармалыгынын башкы инспектору Х.У. тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жогоруда көрсөтүлгөн кызматкер М.Л. аттуу жаранды "ири суммада салык салам" деп коркутуп 1200 доллар талап кылган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 600 доллар пара алып жаткан жеринен аталган райондун башкы инспектору Х.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
zhykyo

19.10.2015. 12:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааааа кармалдынбы колго тушкон коёнду коё бериш онойбу деп салда
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.