super.kg logo
  Саясат  

"Республика - Ата Журт" партиясы жасалма документ тууралуу айтып чыккан талапкерин сот жообуна тарттырганы жатат

 
"Республика - Ата Журт" партиясы "мандаттан баш тартууга арыз жазган эмесмин, жасалма арыз жазышып, бирөөлөр кол коюшкан" деп ИИМге кайрылган партия талапкери Аида Исмаилова боюнча билдирүү жасады. Партия аталган талапкер өз каалоосу менен депутаттыктан баш тартып арыз жазганын айтууда. Бул боюнча "Республика - Ата Журт" такталбаган жалган маалыматтар боюнча кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун билдирип ИИМ менен Башкы прокуратурага тосмо арыз жазды. Ал эми "жалган маалымат таратуу менен моралдык зыян келтирди" деп партия аталган талапкерди 10 миллион сом төлөтүүнү көздөөдө. 
"Республика - Ата Журт" далил катары Аида Исмаилованын ант бергендеги видеосун, анттын тексти жазылган кагазга койгон колун жана жазган арызын көрсөтүп жатат. Анда талапкер шайлоодо жетиштүү добуш ала албаса, тизмеден чыгууга даяр экенин билдиргени белгиленет. 
"Аида Исмаилова өз округунан эң төмөнкү өлчөмдө да добуш топтой алган жок. Мындай шартта аталган маселе боюнча бардык арыздар негизсиз жана партиянын репутациясына зыян тийгизет деп эсептелет",- деп айтылат маалыматта. 





"Республика - Ата Журттун" талапкеринин шайлоо алдындагы анты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: