Коррупция боюнча айыпталып жаткан Нарымбаев жана Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Учурда сот залына Нарымбаев менен Коркмазов алынып келинип, алардын Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрүнүн жазылып алынган үнүн угууну күтүшүүдө.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.


