2010-жылдан бери Ысык-Көл облусуна 24 мектеп курулган
"Учурда Каракол шаарындагы унаа жолдорду оңдоо үчүн "Кумтөр" алтын кенинен башка каржы булагы жок." Бул сөздү бүгүн, 6-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү
Мирбек Асанакунов
билдирди. "2012-жылы "Кумтөрдөн" Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна 248 миллион сом акча түштү. Менимче, "Кумтөр" кени токтобой иштей бериши керек. 2010-жылдан бери облуста 24 мектеп, 7 спорт зал курулуп, айыл чарбадагы ички жана тышкы каналдарды тазалоо иштери каржыланды. Кыскасы, облустагы бардык социалдык мекемелердеги көйгөйлөргө "Кумтөрдөн" түшкөн каражат жумшалат",- деди облус башчысы.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















