Абдырахман Маматалиев Жаңы-Жер айылындагы №19-түзөтүү колониясында болду




КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев
бүгүн, 19-октябрда Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы №19-түзөтүү колониясында болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
А.Маматалиев өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн курулуп жаткан атайын корпустун курулушу менен таанышты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Вице-премьер-министр курулуп жаткан корпустун жабдылышына өкмөт өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн абактын курулушу тийиштүү түзүмдөрдүн жетекчилери менен талкууланарын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

