Жылнаама, 20-октябрь: Мындан 10 жыл мурун ЖКнын экс-депутаты Тынычбек Акматбаев көз жумган

Ал ар кыл пландагы образдардын ички тереңдигине актёрдук талдоо жүргүзүп, оң, терс, комедиялык, трагедиялык ролдорду бирдей аткарган кеңири диапазондуу артист болгон. Актрисанын кинодогу ишмердиги кыргыздын биринчи көркөм фильми "Салтанат" менен байланыштуу болгон. Кийин ал көптөгөн фильмдерде ролдорду аткарган.
Кинодогу мыкты ролдору үчүн дипломдор менен сыйланган. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси. Режиссёр катары А.Осмоновдун "Махабатын" койгон. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 70 жаш курагында каза болгон.

Кылмыш чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлү Рысбек Акматбаевдин иниси, ЖКнын экс-депутаты Тынычбек Акматбаев 1962-жылы 30-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Тынычбек Акматбаев 1983-жылы Фрунзе шаарындагы Соода техникумун, 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 1984-1992-жылдары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайларда ашпозчу, технолог, сатуучу болуп иштеген. Ал эми 1992-1997-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 1998-жылы Чолпон-Атада Төрөгелди атындагы асыл тукум жылкы заводун ачкан. Тынычбек Акматбаев 2005-жылы март айында 3-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы "Лужники" стадионунда "Спартак" (СССР) жана "Хаарлем" (Нидерланды) футболдук клубдарынын ортосунда болгон беттеш учурунда тыгын болуп кетип, "Спартактын" 66 күйөрманы (алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр) каза болгон.

Ливиянын саясий жана аскерий ишмери, президент Муаммар Каддафинин туулган жылын биографтар 1940-жыл дешсе, өзү 1942-жылы 7-июнда Сирт шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан бедуиндин (көчмөн) алачыгында төрөлгөнүн айтып келген. Анын толук аты - Муаммар бен Мухаммад Абу Меньяр Абдель Салам бен Хамид аль-Каддафи. Муаммар Каддафи 1969-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнүн башында турган.
20-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.