Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт

Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы электр тармактарынын профилактикалык иштерине байланыштуу айрым аймактарда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын Ак-Өргөө (Кербез, Жаңыл Мырза, Кырк-Кыз, Алтын-Бакан көчөлөрүндө) конушунда, Кара-Суу көчөсүндөгү №71-көп кабаттуу үйдө трансформаторлор жана үй ичиндеги тармактар оңдолот. Мындан улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Маловодное айылында, Ысык-Ата районуна караштуу Туз (Тентишев, Осмонов, Дербишев, Дайырбек, Максүтбаев, Октябрь көчөлөрүндө), Интернационал (Октябрдын 50 жылдыгы, К.Маркс, Пушкин, Лермонтов, Биринчи Май, Интернационал көчөлөрүндө), Боз-Бармак (Тердикбаев, Шопоков, Токтогул көчөлөрүндө), Жар-Башы (Телебаев көчөсүндө), Чоң-Далы (Бөлөбалаев, Күрөңкеев, Марс көчөлөрүндө), Жедигер (Токтогул, Бөкөнбаев, К. Маркс көчөсүндө), Сары-Жон (Сары-Жон, Бөкөнбаев, Школьная, Фрунзе көчөлөрүндө), Ленин (Садовая көчөсүндө), Төмөнкү-Серафимовка (Подгорная көчөсүндө.), Алмалуу (Түлөбердиев, Каралаев көчөсүндө.), Тогуз-Булак (Школьная, Бөкөнбаев көчөлөрүндө), Ичке-Суу (Алыбаев көчөсүндө), Жогорку Ичке-Суу, Таш-Башат, Тоолуу-Серафимовка (Межинский көчөсүндө), Үч-Эмчек (Кыпчак көчөсүндө), Нооруз (Жакишев көчөсүндө) айылдарында электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.