super.kg logo

Өлкөдө жалпы 2640 мечит бар болсо, анын 626сы мамлекеттик каттоодон өткөн эмес

 
Өлкө аймагында жалпысынан 2640 мечит бар болсо, анын 2014ү мамлекеттик каттоодон өткөн, 626сы каттоодон өтө элек. Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, муфтий Максатбек ажы Токтомушев 19-октябрда атайын жыйын өткөрүп, мечиттерди каттоодон өткөрүүнү тездетүү боюнча катуу талап койду. 
Облус аймагындагы каттоодон өтө элек мечиттердин санын жана катталган мечиттердин жалпы так эсебин берүү боюнча тиешелүү бөлүмдөр облустук казыят менен байланышып, такташмакчы. Азирети муфтий тиешелүү бөлүмдөргө атайын тапшырмаларды берип, мечиттерди каттоодон өткөрүүдө кандай орчундуу маселелер жаралып жаткандыгы, имамдардын каттоо ишиндеги жоопкерчиликтери жана милдеттери боюнча жыйындын жүрүшүндө айтып өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: