Бишкекте мас абалында аялына бычак сайган адам кармалды
Милицияга 26 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 23-октябрда болжол менен саат 15терде мас абалындагы күйөөсү эч себепсиз сабагандыгын жана бутуна бычак сайгандыгын маалымдаган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы билдирди. Бишкек шаардык ИИБинин жол-кайгуул милиция батальонунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1987-жылы туулган К.Ж. ШИИБге жеткирилген. Учурда бул факты боюнча иликтөө жүрүп жатат.
кошулду
Автор: Эльвира Караева
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.