Бишкек ШИИББи: №38-мектептеги окуучулардын ортосундагы мушташтын себебин милиция тактап жатат
Бүгүн, 20-октябрда эртең менен Бишкекте Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын окуучулары менен №38-мектептин окуучуларынын ортосунда мушташ чыкты. Учурда милиция кызматкерлери мушташтын себебин тактап жатышканын SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Азырынча мушташ эмне себептен чыкканын жана канча окуучу жаракат алганын айта албайбыз",- деди басма сөз өкүлү.
Спорт мектебинин 30 чакты окуучусу №38-мектептин айнектерин арматуралар менен сындырып жана 5 окуучуну токмоктоп кетишкени айтылган.
Эскерте кетсек, буга чейин 16-сентябрда аталган окуу жайлардын окуучуларынын ортосунда ызы-чуу чыгып, 6 бала жабыркап, айрымдары бычактан жаракат алышкан. Ушул окуянын айынан спорт мектебинин айрым жетекчилери кызматтарынан бошотулушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
sabirdinovich

20.10.2015. 21:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тактагандан да жакшы тактагыла. Катыштыгы бар окуучуларды жана бардык мугалимдерди жоопкерчиликке тарткыла. Бул спорт мектепти жабуу керек, пайдасынан зыяны көп. Имаратты болсо балдар бакчасына бергиле, спонсорлор сөзсүз табылат.
sale-81

21.10.2015. 14:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabirdinovich,бул ызычууну 38 школабаштаган, спорт школанын жалгыз жургон балдарын кармавалып коркута беришчи, канчажолу спорт школанын айнектерин талкалады , ал школанын деректору унчукмак тугул оз балдарын наказыватеткен,баардыгын туура чечкенде бул жерде 38 школанын балдары чыгат, мен ощо райондо жашайм канча жолуу кордум, уктум 38 балдары кылгандарын
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.