super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз үчүн күрөшкөн балбан Айаал Лазаревдин Олимпиадага жолдомо алуусуна Якутиянын башчысы жардамдашат

 

Кыргыз мамлекетинин атынан эл аралык мелдештерге чыгып жүргөн якутиялык спортчу Айаал Лазарев Саха Республикасынын Президенти Егор Борисов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Дагестандын Спорт федерациясы расмий сайты аркылуу кабарлады.  

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө спортчу республиканын башчысына жакында катышкан Азия чемпиондугу тууралуу, машыгуунун жүрүшүндөгү кыйынчылыктар тууралуу айтып берди. Ошондой эле жолугушуунун башкы темасы Лазаревдин 2016-жылкы Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгү болду. Балбан Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдештерге даярданып жатканын айтып берди. 

Жолугушууга Якутиянын спорт министри Михаил Гуляев, Республикалык күрөш федерациясынын аткаруучу директору Семён Чердонов жана Айаал Лазаревдин машыктыруучусу, Орусиянын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Иван Сивцев катышты. Е.Борисов спорт жетекчилерине спортчунун даярдыгына жакшы көңүл буруу керек экенин жана машыгууга корой турган каражатты аныктап, иштеп чыгууну тапшырды. 

Кошумчалай кетсек, Айаал Лазарев 2009-жылы мамлекетибиздин улуттук курамасына кирген. Башка легионерлердей эле ал дагы Орусияда машыгып, кыргыз жерине өлкө чемпиондугу же машыгуу сбору учурунда келип турат. Ал бул аралыкта 5 ирет өлкө чемпиону аталып, быйыл Азия чемпиондугун утканга жетишти. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: