super.kg logo

Спорт агенттигинин директору: "Спорт мектебинин кызматкерлерине, окуучуларына карата олуттуу чаралар көрүлөт"

 

Бүгүн, 20-октябрда эртең менен Бишкекте Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын окуучулары менен №38-мектептин окуучуларынын ортосунда мушташ чыкты. Учурда милиция кызматкерлери мушташтын себебин тактап жатышат. Ошол эле учурда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, учурда тиешелүү комиссия түзүлүп, спорт мектебинен мушташка канча баланын катышканы такталууда.

Маалым болгондой, агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров да бул окуя боюнча жеринде териштирүүдө. “Бул окуянын жыйынтыгында спорттук окуу жайдын окуучуларына, жетекчилигине, машыктыруучуларына карата олуттуу чаралар көрүлөт. Жетекчилик буга чейинки окуядан сабак алып, мамилени калыпка алып келиши керек эле, бирок өткөн окуядан сабак алынбаганын бүгүнкү окуя дагы бир ирет далилдеди”,- дейт Ш.Бакиров. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: