ӨКМ: "Жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн"
ӨКМ 7-марттан 10-мартка чейин Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жайгашкан айылдарында жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертет. Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымында кар көчкүсү болушу мүмкүн. Тоолуу аймактарда унаа жолдору тайгак болот.
Автор: Гүлмайрам Сабырбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

