Теннис боюнча өлкө чемпиондугунда 14 жаштагы Эмма Нургазиева чемпион аталды



12-17-октябрь аралыгында Бишкекте теннис боюнча кыз-келиндер арасында өлкө чемпиондугу орун алды. Мелдеште жекеликте жана жуптукта жеңүүчүлөр аныкталды.
Уюштуруучулар кабарлашкандай, жекеликте 16 катышуучу болуп, 14 жаштагы Эмма Нургазиева жеңүүчү аталды. Алгачкы жолу чемпион аталып жаткан Эмма финалда өлкөнүн буга чейинки чемпиону Элиза Аскарованы утту (2:1 эсебинде). Ал эми жекеликте 3-орунду Саара Кунакунова багындырды.
Жуптукта болсо 8 түгөй күч сынашты. Жыйынтыгында Элиза Аскарова менен Саара Кунакунова жуптугу финалда Эмма Нургазиева менен Мырзайым Шерикулова жуптугун утуп, чемпион аталды. 3-орунду Дарья Макиенко менен Нэлли Буюклянова жуптугу ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
shailoo2015

20.10.2015. 14:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң жакшы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.