super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев №38-мектептеги окуяга жол бергендер катуу жазаланышы керектигин айтты

 

Бишкекте №38-мектептеги окуяны иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, премьер-министр Темир Сариев окуяга жол бергендерге карата катуу чараларды көрүүнү тапшырды. Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын жетекчилиги жана машыктыруучуларынын жоопкерчилигин кароо тапшырмасы берилди. Ал эми окуучулардын ден соолугуна жана мектепке зыян келтиргендер жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги айтылды.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жетектеген мекемелер аралык комиссия 10 күндүн ичинде келечекте мындай окуялардын кайталанбашы үчүн билим берүү жаатындагы тарбиялык иштерди күчөтүү жана бул жааттагы системдүү иштерди карап чыгуу, окуяга себеп болгон жагдайларды жана шарттарды жок кылуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышы зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: