"Дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу" наамына талапкер 11 машыктыруучунун ысымы белгилүү болду
Луис Энрике "Барселона" клубу менен акыркы сезондо Испания чемпиондугун, Испания Кубогун, Чемпиондор Лигасын жана УЕФАнын Суперкубогун утту.


Луис Энрике "Барселона" клубу менен акыркы сезондо Испания чемпиондугун, Испания Кубогун, Чемпиондор Лигасын жана УЕФАнын Суперкубогун утту.

Массимилиано Аллегри "Ювентус" менен Италиянын чемпиондугун жана Кубогун утту. Анын шакирттери Чемпиондор Лигасынын финалында "Барселонага" утулуп калышты.

"Реалдын" мурунку машыктыруучусу Карло Анчелотти акыркы сезондо бардык мелдеште чемпиондуктан кол жууган.

Лоран Блан ПСЖ клубун жетектөө менен өлкө чемпиондугун, Франциянын Кубогун жана Суперкубокту утту.

Машыктыруучу Унаи Эмери "Севилья" клубу менен Европа Лигасын утуп алды.

Хосеп Гвардиоланын клубу "Бавария" Германиянын чемпиону аталды. Чемпиондор Лигасында жарым финалга чейин жетти.

Арсен Венгер жетектеген "Арсенал" быйыл Англия Кубогун жана Суперкубокту утту.

"Челсини" Англиянын чемпиону кылган Жозе Моуринью сыйлыкка талапкерлердин бири.

Хорхе Сампаоли Чили курамасына Америка Кубогун утуп берди.

"Атлетиконун" машыктыруучусу Диего Симеоне акыркы сезондо клубду бир дагы мелдеште чемпиондукка жеткире алган жок.
"Дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу" наамына талапкер 10 машыктыруучунун ысымы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Эл аралык футбол федерациясынын расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, тизмеге кирген 10 машыктыруучунун 9у Европадагы футболдук клубдардын машыктыруучулары. Тизмеге улуттук кураманы машыктырган 1 гана машыктыруучу Хорхе Сампаоли (Чилинин машыктыруучусу) кирди.
Сүрөттөрдү карап, сыйлыкка талапкер 10 машыктыруучу жыл ичинде кандай ийгиликке жеткени тууралуу кабар алсаңыз болот.
Сыйлык ээси 2016-жылы 11-январда белгилүү болот.
*
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
warsaw.

20.10.2015. 15:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
энрике алат го
vabank

20.10.2015. 15:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Allegri alat
tatu.

20.10.2015. 16:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энрике татыктуу
Dan4ik88

20.10.2015. 16:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча Массимилиано Аллегри татыктуу. Көптөн бери Ювентус мындай көзгө толумдуу ойной элек болчу.
Adel2015

21.10.2015. 08:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллегри татыктуу го дейм
bazarkyl

21.10.2015. 10:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диего Симеоне татыктуу деп эсептейм. анткени башка клубдарда акчага тиренип жакшы футболисттерди алып алышкан. Атлетико Мадриде андай мумкунчулуктор жок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.