super.kg logo
  Саясат  

БШК төрагасы: "Талапкерлердин арызы боюнча Жогорку Соттун чечими чыкмайынча депутаттарга мандат берилбейт"

 
"Тизмеден чыгарылган талапкерлердин арызы боюнча Жогорку Соттун жыйынтыгы чыкмайынча депутаттарга мандат берилбейт". Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 20-октябрда өткөн БШКнын жыйынында айтты. Төраганын билдиришинче, Жогорку Сот "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмесинен чыгарылган 9 талапкер тарабынан берилген арыз боюнча чечим чыгарышы керек. Арыз жазгандардын бири "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан. 
Айта кетсек, алар тизмеден чыгуу тууралуу арызга өздөрү кол койбогонун билдиришип, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна 18-октябрь күнү арыз менен кайрылышкан. Сот алардын арызын канааттандырган эмес. Эми алардын арызын Жогорку Сот карашы керек. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: