Шайлоо алдындагы антынан тайгандар кантип антка бекем турган депутат боло алышат?






Көпчүлүктүн эсинде... Жарышка аттануу алдында "Республика - Ата Журттун" лидерлери шайлоодон кийин мандаттарды адилеттүү бөлүштүрүү тартиби иштелип чыкканын, талапкерлер моралдык жактан милдеттенме алышканын артыкчылык катары улам-улам кайталашкан эле.
"Биздин талапкерлер ант беришти, шайлоодон жетиштүү добуш ала албай калышса, тизмеден өз каалоолору менен чыгышат. "Берген антымдан тайсам, Кудай урсун! Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!" деп ант беришти. Биздин башка партиялардан өзгөчөлүгүбүз ушунда",- деген партиянын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов.

Партия аталган талапкердин ант бергендеги видеосун, жазган арызын, анын колу коюлган анттын текстин жарыялап, тизмеге илинбей калган талапкерлер бет тырмоочулук кылып жатышканын маалымдады. Партиянын басма сөз кызматынын билдиришинче, Исмаилова өз округунан жетиштүү добуш алган эмес.
Тизмеден чыгарылганына нааразы бир топ талапкер: Рада Түмөнбаева, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов жана башкалар бар. Алардын тизмеден чыгарылышына нааразы болуп жазган арыздары учурда соттук териштирүүдө.
Мейли, талаштын юридикалык түйүнүн партия, БШК, укук коргоо органдары биргелешип чечишип алышар... А бирок моралдык жагын караганда, азыраак сөз бар. Шайлоо алдындагы ант юридикалык күчкө ээ эмес болгон күндө да, абийир сотун тебелеп өтүү жакшы көрүнүш эмес. Жакшыбы, жаманбы, жагабы же жакпайбы, "шайлоодо өзүмдү көрсөтө албай калып, тизмеден чыгуудан баш тартсам, Кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын" деген антты өз каалоолору менен айтып, анттын текстине бадырайта кол койгону - факт.
Президент, министрлер, депутаттар менен соттор кызматка киришер алдында ант беришет. Эгер депутат болуп калышса, жогорудагы "чырлуу" талапкерлер Жогорку Кеңештин трибунасынан кантип ант беришет? Алардын антына ким ишенет? Антка туруксуз адамдардын депутат болушун коомчулук кандай кабыл алат? Буларга азырынча жооп жок.
"Республика - Ата Журттун" талапкеринин шайлоо алдындагы анты
"Республика - Ата Журт" партиясынан ант берген Рада Туманбаева
Депутаттыкка талапкерлер кантип ант беришкен, Жунушев Курманкул
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

