super.kg logo

Ош мэриясы социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Ош шаардык мэриясы социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Ош мэриясынан билдирди. Белгилүү болгондой, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов жана шаардагы социалдык коргоо кызматкерлери катышты.

Эргешов социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин эмгеги түйшүктүү жана сыймыктуу экенин белгиледи. “Сиздер жардамга, мээримге муктаж адамдарга күн сайын кам көрүп, адамгерчиликти, боорукерликти туу тутуп эмгектенип келесиздер. Жылуу мамилеңиздерге көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаңдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жетим балдар абдан муктаж. Ар дайым ушул эмгегиңиздерден жазбай, эл үчүн кызмат кыла бериңиздер”,- деди вице-мэр.

Иш-чаранын алкагында шаардын калкын социалдык жактан сапаттуу тейлөөгө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен бир нече кызматкер сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: