Жылнаама, 21-октябрь: Мындан 71 жыл мурун Бермуд үч бурчтугунда америкалык "Рубикон" кемесинин бүт экипажы табышмактуу жоголуп кеткен

Төкмөлүк өнөрдү Барпы Алыкулов менен Калык Акиевден үйрөнүп, өнүктүргөн. Ал өмүрүндө бир нече ырлар, айтыштар, жомоктор, эскермелер жыйнактарын чыгарган. Комузда атактуу Ниязалынын жана башка комузчулардын күүлөрүнөн черткен. Ооз комузда да чебер ойногон, кыл кыяк тарткан. Обон чыгарып, лирикалык ырларды аткарган.
Ал Москвада өткөн жаштар жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалынын лауреаты жана Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти. Ардак белгиси ордени, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Токтосун Тыныбеков 1982-жылы 55 жашында каза болгон.

Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. Ал Ата Мекен, эне, жаратылыштын кооздугу, арзуу темасындагы поэтикалык жыйырмадан ашуун ыр китебин чыгарган. Акын “Жайкы таңда”, “Сары-Өзөн”, “Сырдашуу”, “Жоогазын”, “Топ жылдыздар” сыяктуу ондогон поэтикалык жыйнактары аркылуу чыныгы сөз чебери, залкар жазмакер катары окурмандардын урмат-сыйына арзыган. Анын элдик ырга айланып кеткен “Сүрөтүңө”, “Жайлоодо” сыяктуу ондогон ырларына обон чыгарылып, эл арасында азыркыга чейин ырдалып жүрөт.


21-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.