Жол-кайгуул кызматы: 11 жаштагы секелек кызды сүзүп качып бараткан айдоочу кармалды

Бүгүн, 20-октябрда Жукеев-Пудовкин көчөсүндө Honda Civic үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып (мамлекеттик номуру B4256AT) мектеп окуучусун сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Интернеттен алынды
Анын айтымында, окуя болжол менен 16:50дө катталган. Унаа Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түндүк тарапка баратканда 1-үйдүн тушунан секелек кызды сүзүп кеткен. 11 жаштагы Перизат алган оор жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумду. Ал эми айдоочу качып кетүүгө аракет кылган, бирок унаа алыс узабай жол боюндагы тосмого урунган.
"Айдоочуну тиешелүү кызматкерлер колго түшүрүп, тиешелүү материалдарды чогултушту. Бардык чогултулган материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди",- деп белгиледи Т.Оторов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
2

жетчу жерине таш бака минсен да жетет элен да, ортодо жон отпой бироонун баласын сузуп олтуруп...
Айдоочулар абайлагыла бул кыздын, ата энесинин оордунда ар бир пенде болуп калышы мумкун!!!Жол эрежесин сактагыла!!!Унаа айдоочулар да жоо журуучулор да оз жол эрежелерин билуу зарыл экендигин унутпайлычы!!!