super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Абысындар" комедиялык тасмасынын бет ачары болуп өттү (фото)

 
Тасма Ысык-Көл облусунда тартылган.
Бүгүн, 20-октябрда Бишкектеги Тарых музейинде "Абысындар" комедиялык тасмасынын бет ачары болуп өттү. Тасмада бир үй-бүлөдөгү үч абысындын күнүмдүк жашоосу чагылдырылып, анын негизинде өлкөдөгү аялдардын жашоо образы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда тасманы койгон топ ар бир эпизодду күлкүлүү кылып тартып, чындыкты жеткирүүгө аракет кылган. Анан да ашыктык тематикасына өзгөчө токтолушуп, азыркы коомдогу аялдардын өзүнөн кичүү курактагы жигиттерге турмушка чыгып жатышканы, эркек кишилердин өзүнөн бир топ кичүү кыздарга ашык болгону учкай көрсөтүлгөн.

Тасмада үч абысындын ролун актрисалар Ырыс Жоомартова (үйдүн улуу келини Калбүбү), Жамиля Муратова (ортончу келини Береке) жана Асел Нурланова (жаңы келген келини Асел) жараткан. 

Режиссёр Мурат Мамбетов тасма тартууда актёр-актрисалардын чеберчилигинен улам кыйынчылыктар жаралбаганын айтты. "Баарыбыз бир эле үйдө болуп, тасманы бат-баттан эле тарттык. Актёр-актрисалардын чеберчилигинен улам да кыйынчылыктар болгон жок, болгону үндү жандуу бергендигибизден тегерек-четтеги иттердин үргөнү, уйлардын мөөрөгөнү үндү жазууга тоскоолдук кылып жатты. Ошентсе да ийгиликтүү тартылды. Кино Ысык-Көл облусунун Чоң-Жаргылчак айылында тартылып, ал жердеги жергиликтүү тургундар чыгармачылыкка колдоо кылып, жардам берип жатышты",- деди режиссёр

Тасма актриса Ырыс Жоомартованын идеясынын негизинде жаралган. Автор тасмада үч абысындын ортосундагы жек көрүү, көрө албастык сезимдерди берүү менен бүгүнкү турмуштук абалды чагылдыруу максатын көздөгөнүн айтты. "Мен өзүм улуу келиндин ролун ойноп, жаңы келген келинге күн көрсөтпөй койгон абалды жараттым. Кинодо улуу келин дайыма шаарда жашагысы келип, сулуулугун сактап, тегерек-четиндегилердин баарынын көңүлүн өзүнө бурдургусу келип турууну самайт. Ошол себептен шаардан келген жаңы келинди теңсинбегенге аракет кылып, болушунча көрө албастыкты көрсөтөт. Жашоодо ал аял небере багып эле, тынч жашашы керек болчу. Акырында ал нерсени түшүнүүгө аракет кылып, өз ордун биле алат",- деди идеянын автору. 

Тасманын бет ачарына кино тармагынын адистери, сынчылар, күйөрмандар жана тасмада образ жараткан актёр-актрисалар келишкен. 






Аңдышкан абысындар тасмада

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(11)
Медиа-портал
21.10.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртереек кинозалга чыгарсаңар жакшы болмок! Сонун фильмго!
SUPER.KG видео
21.10.2015. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии качан чыгат еми кино залга. Мен бир тууганчикти коро елекмин качан жуктолот кинозалга.
SUPER.KG видео
22.10.2015. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kancha kinolor chykty ...admin batbattan ele juktop koigulachu syranuch...jakynky kyndory dep ele anan uzaka sozulup ketet....
25.10.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун комедия! корсонор арманда калбайсынар. мага жакты коптон бери мынтип куло элек болчумун. Молодцы сонун аткарышыптыр!
25.10.2015. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кино экен. молодцы жакшы аткарышыптыр. коруп келсенер арманда калбайсынар болгону тарых музейге эмес МАНАС кинотеатрна койсо сонун болмок...
Медиа-портал
27.10.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
555555555555
Медиа-портал
28.10.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакында барып коруп келбесемби буйруса
Медиа-портал
28.10.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен
SUPER.KG видео
09.11.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тууганчик интернетте бар
SUPER.KG видео
22.11.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинону кордум олоооооо соонун экен))) айрыкча Сакиш эжеке ролунун майын чыгарып аткарыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: