super.kg logo

Сүлүктүдөгү шахтада 3 адам газга ууланып каза тапты, 2 адам ооруканага жеткирилди

 

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада 3 адам каза таап, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрда болжол менен саат 16:20да катталган. Бул шахтаны “Матазим” ишканасы иштетип келген. Жабыр тарткандарды башка шахтёрлор алып чыгышкан. Туура 2 саат 20 мүнөт өткөн соң ӨКМнын кызматкерлери бул жерде болуп, газдын деңгээлин текшеришкен.

Жабыр тарткандар Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилсе, каза тапкандардын сөөктөрү өлүк сактоочу жайга жеткирилди. Мекеме соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалайт.

Каза тапкандар:

1. Хамидов Камалжон Халикович, 1985-жылы туулган;

2. Разыков Ганижон Давранович, 1995-жылы туулган;

3. Сулайманов Шокир Сулайманович, 1983-жылы туулган.

Жабыр тартып, ооруканага жеткирилгендер:

1. Сангинов Халилжон Халикович, 1989-жылы туулган;

2. Сангинов Жамалидин Жоликович, 1988-жылы туулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.10.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын,шахталар талапка жооп бербейт
21.10.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуштар бала-чака багам дегендер да,мамлекет мындайларга чон жардам бериш керек.
21.10.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу "супер инфо" сиздерден сураныч мен озумда Сулуктунон болом. Бизде элдин 80% шахтада иштейт. 25.30жыл шахтада иштеп 2000-2500сом м.н пенсияга чыгышат. Жер астында иштоо оной жумуш эмес. Жылына канча деген шахтерлор коз жумат. Шахтерлордун пенсиясын которуп жакшы шарт тузуп беришсе жакшы болмок. Сураныч ушул сунушума жооп алып бериниздер. Же чондорго жеткирип коюнуздар
22.10.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jike, саламатсызбы!
Сурооңузду төмөндөгү шилтеме менен өтүп калтырып койсоңуз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=113
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: