№38-мектептеги тополоң боюнча козголгон кылмыш ишинен бир берене алынды, учурда 6 бала камакта
"Кечээ, 20-октябрда эртең менен Бишкек шаарынын №38-мектебинде тополоң уюштурган" деген шек менен спорт мектебинин 6 тарбиялануучусу убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
Автор: Нургазы Аматов
Маалым болгондой, аталган факт боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бирок кечээ Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Аскат Султаналиев мектептеги окуя боюнча кылмыш иши "бейбаштык" жана "мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү" беренелеринин негизинде козголгонун журналисттерге айткан. Анын билдиришинче, "тополоңго катыштыгы бар" деп Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын 47 тарбиялануучусу суракка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.